Депутат: "Батышчылдардын кызыкчылыгы менен ар кандай митингдер уюштурулуп жатат"

Депутат Бактыбек Райымкулов коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кийинки аптада кароо зарыл экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо таап, үчүнчү окууда турат. Ушул боюнча протоколдук тапшырма берүү керек. Эмне үчүн тийиштүү комитет алып чыкпай жатат? Ушул мыйзам долбоорун кийинки аптага кароого алып чыгууну суранат элек. Коммерциялык эмес уюмдардын арасында батышчылдардын кызыкчылыгы менен ар кандай митингдер уюштурулуп жатат. Кылган иштери тууралуу жооп бериши керек", - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сунушту аппарат карап чыгып, тиешелүү аракеттер көрүлө турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан