Социалдык тармактарда бала бакчанын ачылышында балдар оонап ойногон жерге бут кийими менен чыгып алган кызматкерлердин сүрөтү талкууланууда.
"Бул жерде төшөлгөн килемченин үстүндө биздин балдар оонап, тоголонуп ойношот. Көчөдө вирус болуп жатса, булар бала бакчанын ичин бут кийимдери менен тебелеп жүрөт", - деп жазган социалдык тармактын колдонуучусу.
Бул боюнча SUPER.KG порталы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматына байланышканыбызда бул сүрөт Москва районундагы Төлөк айылында кечээ, 3-мартта тартылганын тастыктап, басма сөз кызматкери ден соолугуна байланыштуу убактылуу жумушка чыга электигин айтты.