Ырчы, актриса Анжелика Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү. Ал партиянын лидерлеринин бири.
"Мен социалдык маселелерди карайм. Анда медицина, билим берүү жаатындагы программалар даярдалган. Азыр балдар мектепке баа алыш үчүн барып калышкан. Тескерисинче аларды ар кандай белектер менен окууга кызыктырса болот. Бизде ошондой программалар бар.
Депутат десе эле жеген, ичкен, акчаны чөнтөгүнө салган адам деген түшүнүк калып калган. Биздин командада жалаң ыктыярчылар. Пандемияда ыктыярчы болуп 5 миллион сом чогултуп, үстүнө 1 миллион кошуп элден элге деп тараткам. Шайлоого деле ошондой бир жыйынтык көрсөтөйүн деп баратам. Пандемияда жардам берип жүрүп мамлекеттин айрым жумуштарын өзүбүзгө алып алган экенбиз. Шайлоодон өтүп кетсек деле ыктыярчы катары иштейбиз. Эгер мамлекет тарабынан программаны ишке ашырууга кичине акча бөлүнсө, ага эки эсе, үч эсе акча кошуп долбоорлорду ишке ашырабыз", - деди ал.