Премьер-министр Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчисин кабыл алып, кызматташтык тууралуу сүйлөшүштү

Премьер-министр Улукбек Марипов Орусиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы белгилегендей, Орусия Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү, жакын досу, мамлекеттерди тарыхый жана маданий түйүндөр байланыштырып турат.

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданий-гуманитардык, экономикалык кызматташтык, инвестициялык климатты жакшыртуу багыттарына тийиштүү, биргелешкен Кыргыз-Орусия долбоорлорун колдоо боюнча жана өз ара кызыкчылыктагы өнөктөштүктүн башка актуалдуу маселелеринин топтому талкууланды.

Премьер-министр баса белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарында эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча өкмөт тийиштүү иштерди жүргүзөт.

Николай Удовиченко өз кезегинде Кыргыз-Орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин тез арада чечүүгө даяр экендигин билдирдиди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан