Орусияда акысыз билим алуу үчүн сынакка каттоо жүрүп жатат

Орусиянын Москва автомобиль жана жол мамлекеттик техникалык университети (МАЖМТУ) Кыргыз өлкөсүндөгү мектеп бүтүрүүчүлөрү, гимназияларынын, лицейлеринин окуучуларын, ошондой эле колледждеринин жана техникалык окуу жайларынын студенттери үчүн "Бардык жолдор МАДИге алып барат!" сынагын өткөрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынактын жеңүүчүлөрү Орусия Федерациясынын федералдык бюджетинин эсебинен университетте акысыз билим алуу, ошондой эле жатаканадан орун алуу укугуна ээ болушат.

Сынак математикадан онлайн тест түрүндө өтөт. Онлайн-каттоо 2021-жылдын 15-февралынан 15-апрелине чейин болот.

Сынактын жыйынтыгында, Кыргыз өлкөсүнүн 7 жараны төмөнкү багыттар боюнча билим алууга мүмкүнчүлүк алышат:

  • Курулуш;
  • Транспорттук процесстердин технологиясы;
  • Транспорттук жана технологиялык машиналардын жана комплекстердин эксплуатациясы;
  • Башкаруу.

Толугураак маалыматты grant.madi.ru сайтынан алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан