"Аймакты өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте таза суу жана сугат суу маселелерин чечүүбүз зарыл" дейт өкмөт өкүлү

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Баткен районунун чек аралаш аймактарындагы таза суу жана сугат суу объекттеринин курулуштарынан кабар алды.
Ыйгарым укуктуу өкүл алгач Баткен районунун Ак-Сай айылынын Бакай участкасында жаңы жерлерди өздөштүрүү жана жергиликтүү элдин социалдык абалын жакшыртуу, чек ара аймагын бекемдөө максатында курулуп жаткан насостук станциянын курулушу менен таанышкан. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Насостук станциянын жалпы наркы 55 миллион сом болсо, буга чейин аталган объектке 50 миллион сом бөлүнүп берилген. Курулуш 2021-жылдын 25-мартында аяктоосу болжолдонууда.
Ыйгарым укуктуу өкүл насостук станцияны пайдаланууга берүүнү тездетүү жана электр энергиясына байланыштуу маселелерди чечүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди жана Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул маселени чечүүнү өзү да көзөмөлгө алганын билдирди.
Насостук станциянын ишке берилиши менен Ак-Сай айылында 131 гектар жаңы жерлер өздөштүрүлөт жана 225 гектар жерге сугат суу берүү жакшыртылат.
Өмүрбек Суваналиев мындай суу таңкыс аймактарда тамчылатып сугаруу менен жер иштетүү зарылдыгын айтып, жергиликтүү бийлик органдары инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каржы булактарын таап, тамчылатып сугаруу системин колго алуу керектигин белгиледи", - деди маалымат катчы.
Белгилей кетсек, аталган аймакка таза суу объектисинин курулушу үчүн буга чейин мамлекет тарабынан 13 миллион 500 миң сом каражат бөлүнүп, Ак-Сай айылына 14 чакырым алыстыктагы Суулуу-Таңги жайлоосунан таза суу линиясы тартылып келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан