Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгы 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Кыргыз Республикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу" аталышындагы конференция өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билидиришти.
Аялдардын эл аралык күнүнүн алдындагы тилектештик боюнча Америка борборунун колдоосу менен уюштурулган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү катышты.
Жыйын маалында гендердик теңчилик менен катар аялдардын коомдогу жигердүүлүгүн арттыруу, анын ичинен саясий-экономикалык, социалдык-маданий багыттардагы көйгөйлөрдү чечүүдө аялдардын катышуусун камсыздоо маселелери талкууланды. Андан тышкары, саясаттагы, ишкерчиликтеги жана миграциядагы аялдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан жагдайлар тууралуу сөз болду. Муну менен катар аларды чечүү жолдору айтылып, ар кандай сунуштар берилди.