SUPER.KG порталына Уулкан Токторалиева аттуу Орусияда эмгектенип жүргөн мекендешибиз байланышка чыкты.
Уулкан Токторалиеванын айтымында, интернетте анын сүрөттөрү тарап, Москва шаарындагы ооруканалардын биринде каза болуп калганы айтылууда.
"Бул келин кара-суулук экен, туугандарын тааныган, билгендер болсо тапканга жардам бериңиздер" деген аудио жазуулар мессенжерлерде тарап жатат. Менин түпкү тегим Алайдан болот. Жалган маалыматты уккан тааныш-билиштер туугандарыбызга чалып, ызы-чуу түшүп калдык. Ооба, ооруп калып дарыланып чыкканым чын, бирок азыр абалым жакшы. Өзүмдү абдан жакшы сезип турам. Мындай кабарды угуп алып жүрөгүм ооруду. Айылдагы туугандарым да угуп алып сарсанаа тартышты. Бир маалыматты тактап туруп таратканды үйрөнсөк жакшы болмок", - деди Токторалиева.
Мындан сырткары мекендешибиз маалыматты ким кандай максатта тараткандыгын аныктай албаганын жана укук коргоо органдарына кайрылуу ниети жок экендигин кошумчалады.