Баткенде баатыр энелер, ардактуу ардагер апалар сыйланды

Баткенде баатыр энелер, ардактуу ардагер апалар сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев 8-март Аялдардын эл аралык майрамынын урматына, облустагы эң жашы улуу апаларды, көп балалуу баатыр энелерди жана бүт өмүрүн мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүнө арнаган апаларды куттуктады. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн майрамдык куттуктоо, каалоо-тилектерин жана белектерин, өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров майрам ээлерине жеткирди.

Адам баласына өмүр тартуулоо, ага таалим-тарбия берип, мээрим менен чоңойтуп, эл катарына кошуу бул эбегейсиз эмгек. Ошол эле учурда апалардын өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүндө да салымыңыздар зор. Сиздер ар дайым урмат-сыйга татыктуусуздар”, - деди Насиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2021-03-06 15:26:16
Аял заты баардык мактоого татыктуу. Аялдарды таарынтпаңыз! Аялдарды кул катары кармабагыла! Айрым учурларда бир аял жүз эркекке караганда кыраакы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан