Кыргыз өлкөсү экономикалык эркиндик боюнча рейтингде 78-орунга жайгашты

Кыргыз өлкөсү экономикалык эркиндик боюнча рейтингде 78-орунга жайгашты. Бул тууралуу "Heritage Foundation" фондунун изилдөөсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, рейтинг өлкөлөрдөгү экономикалык жана соода эркиндигинин деңгээлин, инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттарды, коррупция жана башка факторлорду эске алуу менен түзүлгөн.

Эң алдыңкы үчтүктө Сингапур, Жаңы Зеландия жана Австралия өлкөлөрү турат. Ал эми Куба, Венесуэла жана Түндүк Корея өлкөлөрү эң төмөнкү сапта жайгашкан.

Коңшу өлкөлөрдүн ичинен Казакстан 34, Өзбекстан 108, Тажикстан 134, Түркмөнстан 167-орунга ээ болгон.

Кыргыз өлкөсү жалпы эсепте 78, Азия жанан Океания өлкөлөрүнүн ичинен 13-орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-03-06 17:43:29
Охоо өзбекстан менен Таджикистанды артка калтырыпбыз го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан