"Максат Мамытканов бийликке, "Чоң Казатка" батпай, көчөдө калды" дегендерге Мамытканов жооп кайтарды

Мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда конокто болду.

Анда ага "Социалдык тармактын колдонуучулары Максат Мамыткановду "Чоң Казат" партиясынан чыгарганы жатышат деп жазышты. Бул боюнча эмне айта аласыз?" деген суроо берилди.

"Бул боюнча угуп, көрүп жатабыз. "Чоң Казат" партиясынын ичинде тартип бар. Партиянын жетекчилерин жамандагандар, партиянын ички тартибин бузгандар сөзсүз түрдө өзүнүн жообун алышат. Терс маанайда тарап жаткан маалыматтын максаты эмнеде? Мени ушинтип кара сөздөргө кошулуп, реакция кылып партиянын, өзүмдүн аброюмду түшүрүп, жаңы бийликке терс жагымдан көрсөткүлөрү келип жатат. Партиянын атынан антип айткандар жок. Бул сөздү партиянын душмандары таратып жатат", - дейт ал.

Жаңы өкмөт курамына кирбей калган Максат Мамытканов: "Кызматтан кетерде Садыр Жапаров менен сүйлөшкөм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан