Социалдык тармактарда айымдардын майрамынын урматына кесиптештери үчүн атайын "мырзаны" жалдап аларды куттуктаган видеосу тараган.
Видеодо атайын чакырылган бийчи жигит айымдар менен бийлеп ар кандай адаттан кыймылдарды жасап жатканын көрүүгө болот. Интернет колдонуучулар аталган видео борбор калаадагы банктардын биринен тартылганын жазышкан.
Бул видео интернет желесине кеңири тарап, кызуу талкууга алынды. Көпчүлүк колдонуучулар бул жорук акылга сыйбай тургандыгын жана видеодогу айымдар коомчулукка уят болгонун жазып калтырышкан.