Египет курамасынын жана Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубунун белгилүү чабуулчусу Мохаммед Салах жай айларында англиялык клубдан кетиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Салахтын клубдан кетишине "Ливерпулдун" башкы машыктыруучусу Юрген Клопп менен бир нече айга созулган чыры себеп болушу мүмкүн. Ошол эле учурда башкы машыктыруучу менен футболчунун мамилеси 5-марттагы "Челси" клубу менен болгон оюнда Салах оюндун 62-мүнөтүндө алмашууга кеткенден кийин начарлап кеткен.
Мохаммед Салах менен "Ливерпуль" футболдук клубунун келишими 2023-жылга чейин түзүлгөн.