АКШда мектеп окуучусу өз колу менен жасаган бомбаны мектепке алып келип, кокустан жардырып жиберди. Бул тууралуу жергиликтүү полициянын билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 8-мартта Мичиган штатынын Ньюэйго калктуу конушунда болгон. 16 жаштагы мектеп окуучусу билим берүү мекемесине алып келген бомбаны кокустан жардырып жиберген. Натыйжада окуучу өзү орто деңгээлдеги жаракат алып, ооруканага түшкөн. Мындан сырткары кеминде төрт окуучу жеңил жаракат алышкан. Учурда мектептен бардык адамдар эвакуацияланган.
Окуя боюнча кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле укук коргоо органдары жарылган заттын курамын текшеришүүдө.