Оор атлетика боюнча уландар курама командасы Дүйнө чемпиондугуна даярдык көрүп жатышат. Курамда кимдер бар?

Оор атлетика боюнча уландар курама командасы Дүйнө чемпиондугуна даярданышууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

"Дүйнө чемпиондугуна жана эл аралык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча уландар курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат", - деп жазылат билдирүүдө.

Окуу-машыгуу жыйын 5-мартта старт алып, 22-мартка чейин уланат.

Жыйынга төмөнкү спортчулар тартылган:

  1. Элзар Таиров, 61 килограмм;
  2. Ишенбек Муратбек уулу, 67 килограмм;
  3. Эламан Молдодосов, 73 килограмм;
  4. Нурсултан Тармалов, 55 килограмм;
  5. Курванжон Кочкаров, 81 килограмм;
  6. Кубат Байышбек уулу, 89 килограмм;
  7. Элнур Сатыбалдиев, 96 килограмм;
  8. Эржан Турсунбаев, 102 килограмм;
  9. Бекжан Нурдинов, 109 килограмм;
  10. Аскар Арзымбаев, 109 килограммдан жогору;
  11. Данияр Супахунов, машыктыруучу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан