реклама
super.kg logo

Сүрөткө маани бергенде: Токтогул суу сактагычына куйган Нарын дарыясындагы суунун көлөмү кейиштүү абалда (сүрөт)

 

Социалдык тармактарда Нарын дарыясына аз көлөмдө эле суу келип жаткан сүрөттөр жарыяланды. Сүрөт Ат-Башы жана Нарын суусунун кошулушунан, Куланак айылына жакын жерде тартылган.

Сүрөттө эки суу кошулганда дагы дарыя аз көлөмдө кетип жатканын көрүүгө болот. Мындан улам SUPER.KG порталы "Электр станциялары" ААКсынын басма сөз кызматкери Тагжана Айдаралиевага байланыштык. Ал Токтогул суу сактагычына суу чындап эле аз көлөмдө келип жатканын айтты.

"Өзүңүздөр көргөндөй, дарыянын чоң куймаларынын бири болгон Ат-Башы суусунун жээги дагы дээрлик бош турат. Нарын дарыясы түздөн-түз Токтогул суу сактагычына агып келет. Суу сактагычка суунун агып келгенинен чыгышы үч эсе көп болуп жатат. Энергетикалык ресурстарга сарамжалдуу мамиле өзүбүзгө керек.

Кеңеш сунуштай кетсек желдетүү жана жылытуу тутумдардын модернизациялоо жана мыктылоо жолдору. Кээ бир учурда энергиянын сарпталышын азайтыууга жөнөкөй каражаттар жардам берет. Мисалы, желдетүү жана жылытуу тутумдарын тазалоо. Натыйжалуу кадам эскилерди заманбап, жаңыларга алмаштыруу. Унааңызды сиз от алган бойдон калтыра албайсыз же телефон менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин сөзсүз өчүрөсүздөр. Анткени ал сиздин ресурсуңуз жана ал керек нерсе. Электр энергиясы бул дагы ресурс, аны үнөмдөөшүңөрдү суранабыз ", - деди Айдаралиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
09.03.2021. 16:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
05-09-2013
Соӊку аракети:
15-06-2021 17:58
Жынысы:
Белгисиз
+10
Молодец ошентип уурдап жей бергиле, продукта кымбат, бензин кымбат, иш жок, суу солуп баратат, карыз чет өлкөдөн көбөйүп баратат, кризис, скоро баары каша болбосо эле, че то ишенген Садыр Жапаров да иштей албай жатат го, вор бандиттерди жакшылап камай албай.
09.03.2021. 22:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
21-06-2021 14:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сууну да уурдап бир чекесинен жеп буткону калышты.Ар бир нерсе сураксыз,жазасыз калбайт.Корбойт деп ууру кылгандар козунорду ачкыла.Каргыштан корккула.Сууну уурдап экспорттоп мамлекетти карызга батырып жатасынар.Келечекти ойлогула.Садыр Жапаровту белчесинен баткакка батыргысы келген ичи ирин мн толгон чиновниктердин эле иши менин оюмча.Чондорду текшергиче майдалары жула качып жатпайбы.Майдасынан баштап текшеруу керек озу.«Шайтандын чоңунан эмес кичинесинен корк» дешет го.Суусу бар,свети жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170688;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: