Бишкекте 7-мартта жалпыга маалымдоо каражаттарынын командалары арасында "Медиа-Лига-2021" мелдеши старт алды. Аталган мелдеш Кыргыз Республикасынын Спорттук Лигасы тарабынан өткөрүлүп, өлкөдө массалык футболду жайылтуу жана сүйүүчүлөр арасында чеберчиликти жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.
Жаңы сезонго 8 команда катышууда. Алар: "Азаттык", "Ала-Тоо-24", "КТРК", "Кыргыз СпортТВ", "Клооп", "ЭлТР", "НТС" жана "Super".
Бардык командалар бири-бири менен ойноп чыгышат. Оюндар ар ишемби сайын Кыргыз футболдук союзунун футбол борборунда өтөт.
1-турдун жыйынтыктары:
7-март
"Азаттык" - "ЭлТР" - 0:3
Голдор: Бейшенбиев (2), Шабинов
"Ала-Тоо-24" - "Super" - 5:3
Голдор: Сыдыгалиев, Эсенгулов (3), Темирсыдыков - Бекболотов (2), Алыбаев
"КТРК" - "НТС" - 6:1
Голдор: Мамыралиев, Казакбаев, Мүсүралиев, Бошкоев, Султаналиев (2) - Абдыкапар уулу
"Клооп» - «Кыргыз СпортТВ" - 1:5
Голдор: Деркинбаев - Саткыналиев, Туратбек уулу, Керимбеков, Абдуллаев, Нурболот уулу
Кыргыз Республикасынын Спорттук Лигасы: (КРСЛ) – Кыргыз Республикасындагы күйөрмандар жана сүйүүчүлөрдөн куралган футбол командалар арасында мелдештерди уюштуруучу жана көзөмөлдөөчү спорттук уюм. Аталган лиганын президенти Таиров Медет Маратович эсептелинет.