17-мартта "Жер Үйдөгү" фабриканын ачылышына Путин онлайн катышат

Президент Садыр Жапаров 17-мартта "Жер Үй" алтын кенине бара турганын SUPER.KG порталы өздүк булактарына таянып жазып чыккан.

Айрым маалымат каражаттары бул иш-чарага Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышарын жазып чыгышты.

17-мартта "Жер Үй" кенинде алтын иштеткен фабриканын ачылышынын өтүүсү күтүлүүдө.

"Жер Үй" алтын кени Талас районунун Бекмолдо айылында жайгашкан. Садыр Жапаров мындан тышкары Таластын дагы кайсы жерлерине барары азырынча белгисиз.

Эске салсак, Садыр Жапаров 24-25-февралда алгачкы иш сапары менен Орусияга барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан