Садыр Жапаров: "Бул Конституция өлкөнү алдыга жылдырган, тартип орното турган Баш мыйзам болот"

Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-март күнү "Азаттык" радиосуна маек курду. Анда алгач эле ага "Референдум жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен кабыл алынганы турат. Жаңы Баш мыйзам пайдубалы чың, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болот деген ишеним чоң элеби?" деген суроо берилди.

"Жаңы Баш мыйзамдын долбоору сунушталды. Элдин добушу Конституциянын тагдырын чечет. Бул Конституция өлкөнү алдыга жылдырган, тартип орното турган Баш мыйзам болот. Он жыл бою парламенттик, андан мурун президенттик башкарууда болуп жашап келдик. Эмнени гана көрбөдүк. Акыр аягы турмуш бийлик бутагы бир эле болуш керек экенин көрсөттү. Акыркы он жылда 3 башка бийлик болуп, жоопкерчиликти эч ким моюнга алган эмес. Жашап жаткан Конституцияны алсак, президент өкмөттүн колун карап отура берет дагы жоопкерчилик каралбайт.

Ал эми жаңы Конституцияда жазылып турат, тышкы жана ички саясатка президент керт башы менен жооп берет деп. Буга чейин мындай жооп берем деген адам болгон эмес. Биздин дагы заман өтөт, ким бийликке келбесин ал адам жоопкерчиликти сезиши керек. Мамлекеттин тагдырын чечкен адам болуш керек. Азыр президент же өкмөт жоопкерчиликти албай, өлкө бир ордунда тура берет экен", - деп жооп берген Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан