SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу саясатчы Жеңиш Молдокматов болду.
Анда ага "Мурунку бийлик менен сиздин мамилеңиз жакшы болуп жүрүп, кийин октябрь окуясында ага каршы күчтөргө кошулуп кеткениңиз боюнча сизди “саткын” деп сындагандар болду. Бул боюнча эмне айта аласыз?" деген суроо берилди.
Жеңиш Молдокматов мурунку бийлик менен мамилеси жакшы болгону чын экенин айтты.
"Мамлекет бир адамдын, бир топтун менчиги эмес. Эгерде мамлекетибизде адилетсиздик орноп, мыйзамсыздык орун алса сен ошону көрүп туруп, угуп туруп айтпай койсоң эл душманы болосуң. Ушундайда өзүңдүн позицияңды айтасың. Албетте, беш кол тең эмес экен. Ар кандай сөздөр айтылат. Ошентип айтып жаткандар бүгүн Садыр Жапаровдун жанында жүрөт го. Октябрь окуясы эмнеден келип чыкты? Адилетсиз шайлоонун өтүшүнөн келип чыкты го. Мен митингдин катышуучуларынын бири эмесмин, мен уюштуруучулардын биримин. 4-октябрда шайлоонун жыйынтыгы чыкканда башка партиянын өкүлдөрү менен сүйлөшкөм. Баарыбыз бирдей билдирүү жүргүзүп, сүйлөшүп митингге чыкканбыз. Мурунку бийлик менен жакшы мамиледе болгонум чын", - деди ал.