Таластагы Жер-Үй кениндеги алтын комбинаты ишке кирди. Андагы жумушчулардын 95 пайызы Кыргыз жарандары

Бүгүн, 17-мартта Талас облусундагы Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатын ишке киргизүү аземи болуп, ага президент Садыр Жапаров катышты. Иш-чарага Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу Владимир Владимирович! Урматтуу бүгүнкү маанилүү жолугушуунун катышуучулары!

Көптөн бери күтүп келген жана өлкөбүз үчүн маанилүү окуя - Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатын ишке киргизүү аземинде баарыңыздарга салам айтам.

Урматтуу Владимир Владимирович, бүгүнкү иш-чарага жеке өзүңүз катышып жатканыңыз үчүн сизге терең ыраазычылыгымды билдирүүгө уруксат этиңиз.

Алтын кен комбинатынын ачылышы Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы тыгыз өнөктөштүктү жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамилелерди күбөлөп турганын белгилеп кетким келет. Жер-Үй кени - жарым кылым мурун ачылган өлкөбүздөгү ири кендердин бири болуп саналат.

Инвестициялык чечимди кабыл алуу жана ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөргө канчалаган убакыт жана күч жумшалганын баарыбыз билебиз. Биздин инвесторлор – “Альянс” компаниялар тобуна Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына инвестиция салгандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кенди иштетүү лицензиясын алгандан бери "Альянс Алтын" узун жолду басып өттү.

Эми биздин өлкөдө Орусиянын катышуусу менен Талас облусунун жана бүтүндөй Кыргыз мамлекетинин туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошо турган инвестициялык долбоор салтанаттуу түрдө ишке киргизилүүдө.

Инвесторлордун аткарган иштеринин алкагында салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр түрүндө дээрлик 1 жарым миллиард сом бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго которулган. Ал эми завод ишке киргенден кийин бюджетке которулган төлөмдөрдүн көлөмү дагы көбөйөт.

Долбоорго тартылган кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 1000 адамды түзөрү кубандырат, алардын 95 пайыздан көбүн Кыргыз жарандары түзөт.

Учурдан пайдаланып, Жер-Үй кенин иштетүү боюнча кыргыз-орус масштабдуу долбоорун ишке ашыруунун маанилүү учурунун башталышы менен баарыңыздарды куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан