Садыр Жапаров Таластагы алтын кен комбинатын ишке киргизүүгө жеке колдоо көрсөткөнү үчүн Путинге ыраазычылык билдирди

Бүгүн, 17-мартта Талас облусундагы Талас алтын кен комбинаты расмий түрдө ишке киргизилди. Иш-чарага катышкан өлкө башчысы Садыр Жапаров Жер-Үй кенин иштетүүдө бардык экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы маанилүү делинген жагдайды - ишкана менен жергиликтүү калктын ортосундагы ар тараптуу диалогду мындан ары чыңдоо зарылдыгына өзгөчө токтолду.

Салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү тоо-кен тармагынын потенциалын жогорулатууга, өлкө экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн мындай долбоорлорду мындан ары дагы колдойт деп ишендирди.

Президент республиканын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн көтөрүүгө чоң түрткү бере турган Жер-Үй долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга ишенимин билдирди. Ошондой эле ал телекөпүрө аркылуу аземге катышкан Орусиянын президенти Владимир Путинге аталган долбоорду ишке ашырууда жеке колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан