Бүгүн, 17-мартта Талас облусундагы Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатын ишке киргизүү аземи болду. Өлкө башчы Садыр Жапаров Жер-Үй долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн жана Талас облусунун экономикасынын өсүшүнө оң таасир берерин айтты.
"Албетте, нааразы болгондор да бар, бирок ушунча күч жумшалып иш башталды, биз муну менен эле токтоп калбайбыз.
Алдыбызда турган максат чоң, тилек бир. Ал өлкөбүздүн келечеги, бакубатчылыгы, элибиздин жыргалчылыгы. Ага жетүү үчүн элибиздин биримдиги, өлкөнүн туруктуулугу аба менен суудай керек. Ушуну эч убакта унутпайлы.
Баарыңыздарга дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирем, касиеттүү Таластын касиеттүү адамдары, айкөлдүн тукумдары бар болуңуздар!", - деди президент.
Иш-чарага Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышты.