УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин камакта калуу мөөнөтү 2 айга узартылды.
Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Сегизбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Ал аны колдоп келген тарапташтарына "чындык бизде, мен эч качан сынбайм" деп айтты.
25-январда Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын сотко чейинки өндүрүштүк иштеринин жүрүшүндө, Абдил Сегизбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкелери жана Белизгейт иши боюнча кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.