Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат ата-энесинин камкордугусуз калган кичинекей балдары (2 жашка чейин) жашаган "Центральный" үй-бүлөлүк билим берүүгө көмөк көрсөтүү борборуна барып, наристелердин абалы менен таанышып кайтты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Элчи кыргыз балдарынын ден соолугунун абалы, аларды кармоо шарттары, наристелерди Кыргыз өлкөсүнө алып келүүдө чечилиши керек болгон маселелер менен таанышты. "Центральный" үй-бүлөлүк билим берүүгө көмөк көрсөтүү борборуна балдар үчүн жеке гигиена каражаттары түрүндө жардам көрсөтүлдү. Борбордун директоруна балдарды тарбиялоодогу баа жеткис эмгеги жана асыл миссиясы үчүн ыраазычылык каты тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Элчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу өкүлдөрү жок, ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек жарандардын укуктарын коргоо маселелерине, ошондой эле аларды өлкөгө кайтаруу жол-жобосун жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурат.