"Газпром Кыргызстан" компаниясынын КМБсы – «башынан аягына чейин» газдаштыруу: долбоорлоодон газ берүүгө чейин

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын Курулуш-монтаждоо башкармалыгы (КМБ) ишмердүүлүгүн 2014-жылдан бери жүргүзүп келет. Башкармалык көп кабаттуу үйлөрдө, от казандарда жана өнөр жай объектилеринде ар кандай татаалдыктагы газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлойт жана курат. 7 жыл аралыгындагы ишмердүүлүгүндө Курулуш-монтаждоо башкармалыгына Кыргызстандын ири курулуш компаниялары объекттерин газдаштырууга беришти: "Авангард Стиль", "Elite House", "KG Групп", "IHLAS", "Абдыш-Ата", "Делюр", "NURZAMAN", "НБК", "АЮ Курулуш", "Ак-Куу", Interglass, "Белая река", "Kant TSP", "Главстрой" жана башкалар.

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын Курулуш-монтаждоо башкармалыгынын өзгөчөлүктөрү:

  • жогорку иш тажрыйбасы жана профилдик билими бар кесипкөй кызматкерлер;
  • мамлекеттик жана корпоративдик стандарттагы 22 даана атайын техника, жабдуулар жана аспаптар;
  • РФнын Ширетүүнү контролдоо боюнча Улуттук агенттиктин талаптарына ылайык жабдуулар жана аттестациядан өткөн ширетүүчүлөр;
  • эмгекти, өндүрүш жана өнөр жай коопсуздугун коргоо стандарттарын так сактоо;
  • ыңгайлуу кызматташуу шарттары жана төлөө ыкмалары;
  • тапшырыкчынын долбоору боюнча ыңгайлуу иш жүргүзүү режими;
  • курулуш ченемдерин жана эрежелерин, жумушту өткөрүү мөөнөтүн так сактоо;
  • сапат жана ишенимдүүлүк кепилдиги.

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын Курулуш-монтаждоо башкармалыгын эмне үчүн тандашат

2021-жылдын 8-мартында газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоонун жаңы курулуш ченемдери күчүнө кирди

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын КМБсы 25 кабаттуу турак үйлөрдүн чатырына, 18 кабаттуу жатаканаларга, апартамент-отелдерге жана конок үйлөрүнө от казандарды орнотуу, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн төмөнкү кабаттарында жайгашкан коомдук тамактануу жайларын сапаттуу жана тез газдаштыруу кызматын көрсөтүүгө даяр.

Байланыш үчүн:

Дареги: Бишкек ш., Фучик көч., 19

Телефон: 0312 88 12 74; 0770 33 55 12

Email-дареги: smu@gazprom.kg


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан