Депутат Сулайманов: "Кыргыздын чыгаан уул, кыздарын партиянын тизмесинин артына коюп, алдындагы жасалма лидерлер парламентке келишет"

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов партиянын ичиндеги талапкерлерди шайлаганга мүмкүнчүлүк түзүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Анда депутат Кенжебек Бокоев: "Жаңы келип жаткан жаш жигиттер, кыздар өлкө боюнча добуш ала алышабы?" деп сурады. "Өздөрү чыккан облустардан добуш алган оңой да. Фамилиясын Кыргыз эли тааный электе өлкө боюнча добуш алуусу кыйын болуп калбайбы?" - деп сурады Бокоев.

Сулайманов: "Туура, ушундай болуп калышы мүмкүн. Жасалма лидерлер келгенден көрө эл тандаган чыныгы лидерлер чыкса жакшы болот. Чыныгы лидерлерди эл шайлап алат. Бүгүн социалдык тармактарда жаш лидерлер жүрөт. Бирок партиянын артында калат. Партиянын алдындагылар парламентке келип алышат", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан