Бишкектеги мейманканалардын биринде кыз лифттин шахтасына түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул окуя кечээ, 27-мартта саат 19:16да болгон. Куткаруу иштерине 5 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен жүк лифтинин бекилип калган эшигин ачып, жаракат алган кызды "Тез жардам" тобуна өткөрүп беришкен.