24-мартта Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү орун алды. Кыргыз делегациясын жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 26-мартта маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча талаш жараткан маселелер 100 пайыз чечилгенин билдирди. Ташиевдин айтымында, эки күн талаш-тартыштан кийин 8 миң гектар жер кыргыз тарапка жазылды. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы баш болгон бир нече сууларды эки өлкө биргеликте иштетишет.
Мындай маалыматтар коомчулукта ар кандай кайчы пикирлерди пайда кылууда. Айрым социалдык тармактардын колдонуучулары Ташиевдин чыгарган чечимдери тарыхый ката болгонун жазышса , кээ бирлери негизгиси жер алмашуу болсо да маселе чечилгенин, бул эң маанилүү чечим болгонун жазышууда. Мындай карама-каршы пикирлер камтылган талкуулар азыр да басаңдай элек.
Буга байланыштуу чек ара маселелери жөнүндөгү маалыматтарды коңшу Өзбекстандын интернет коомчулугу кандай кабыл алып жаткандыгына сарасеп салып көрүүнү чечтик. Кыргыз интернет коомчулугу сыяктуу эле Өзбекстанда да чек ара тууралуу кабарлар ар кандай талаш-тартышты жаратып, көпчүлүк нааразычылыгын билдирүүдө. Белгилей кетчү жагдай, өзбек бийлиги чек ара маселелерине байланышкан эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу расмий маалымат тараткан эмес. Жергиликтүү басылмалар Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйынын кыргыз ЖМКларына шилтеме берүү менен чагылдырышууда.
Жамшид Достов аттуу интернет колдонуучусу өзбек бийлигинен расмий, ачык маалымат берүүнү талап кылып, андай болбосо келечекте чоң келишпөөчүлүк болушу мүмкүн экенин жазган.
"Биздин бийлик да расмий маалымат берсин. Кандай негизде, канча гектар жер коңшуларга берилгенин биз да билүүгө укугубуз бар. Бизге да кыргыз бийлигиндей ачык бийлик керек", - деп жазган ал.
Ал эми Платон Чистяков аттуу колдонуучу бир өлкө утуп, бир өлкө утулду деген түшүнүк болбошу керек экендигин белгилеген.
"Өзбек ССРинин пахта эгилген көп аянттуу талааларын суу менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз СССРи Ош облусунан 1000 гектар жерди суу сактагыч курууга бөлүп берген. Анын ордуна өзбек тарап башка чектеш аймактан 1000 гектар жер бериши керек эле. 50 жыл өткөндөн кийин ал келишим ишке ашып отурат. Суу сактагычтагы суунун 95 пайызын өзбек дыйкандары колдонушат. Ошондуктан уткан же утулган тарап жок, болгону боордоштук түшүнүшүү, тилектештик менен маселелер чечилип отурат", - деп жазган Чистяков.
Жахангир Мурадов: "Жер жүзүнүн 6дан бир бөлүгүнө ээ болгон Орусия да Японияга Курил аралдарынын бир бөлүгүн да бербей койгон. А эмнеге биз 8 миң гектар жерди берип койдук?"
Шахрух Кудайбергенов: "Силерге да чечимдер бир гана Кыргыз өлкөсүнүн пайдасына чечилгендей болуп сезилип жатабы?"
Халимжан Хамроалиев: "Ислам Каримов патриот адам болгон экен. Жайы жаннаттан болсун! Анын тушунда чек аралар жабык болуп, бир карыш жерибизди башкаларга алдырган эмес. 5-6 миллион кыргыз эли ынтымактуу, бири-бирин колдоп турушат. Ошондуктан алардын бийлиги элинен коркуп, ачык-айкын маалымат таратып жатышат. 34 миллион калкыбыз бар биздин бийлик андай кылбады. Кыргыздардын президенти Садыр Жапаров "силерден 40 жыл арттабыз" деп биздин бийликти мактап туруп, жердин баарын алып кетти".
Умид Бахрамов: "Ошончо жерди бергенден кийин Сох анклавына коридор алса болмок да".
Бахтияр Иноятов: "Чечме" булагын бирге пайдалана турган болуптурбу? Жакшы болуптур. Биздин бийлик деле бир нерсени көздөгөн үчүн ушунча жерди берсе керек менин оюмча".
Асомиддин Ибрагимов: "Арты кайырлуу болсун".