Бүгүн, 30-мартта белгилүү ырчы Аяна Касымова 22 жашка толду. Туулган күнүн түнкү саат 00:00дө белгилей баштаганын айткан ырчы, досторуна, ата-энесине ыраазычылыгын билдирди.
"Туулган күнүмдү эң жакшы маанайда үй-бүлөм, досторум менен тосуп жатам. Түнкү саат 12:00дө досторум куттуктап келишти. Аларды өзүм жасаган торт, салаттар менен коноктодум. Эң башкысы элибизде аманчылык болсун. Калганын аракет кылып жасап алабыз", - деди ырчы.
Аяна Касымова Бишкек шаарында 1999-жылы ушул күнү чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ырчы 3 жашынан баштап "Ак Шоола" балдар хоруна барган. Аяна Касымова ырчы Айыма Айылчиева менен биргеликте "Атам менен энеме" жана өзү "Сүрөтүңө" ырларын жаңыртып ырдагандан кийин жалпы коомчулукка таанылган.