Депутат Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек-Москва аба каттамдары боюнча билеттердин наркын көзөмөлдөө керектигин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек-Москва аба каттамы боюнча билеттердин баасын көзөмөлдөө зарылчылыгына токтолду. "Билеттердин наркы 52 миң рублге чейин жогорулап, карапайым калк үчүн оорчулук туудурууда. Ал тургай авиакассалар жарандардан учуу негиздемеси үчүн кошумча 5-10 миң рублден алууда. Бул эмне деген коррупциялык схема? Силер Орусиянын тиешелүү кызматтары менен сүйлөшө турган ыйгарым укуктуу органсыңар. Эмне үчүн оңдуу чечим чыгара албай жатасыңар?" - деген суроо койду.
Жарандык авиация агенттигинин директору Бакыт Жунушалиев авиа ташуучулардын Орусиянын авиациясына жана Транспорт министрлигине карата жасаган кайрылуулары натыйжасыз болуп жатканын маалымдап, аталган маселени чечүү милдети керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча Орусиянын тиешелүү органдарына таандык экенин билдирди.