"Баланын айынан турмушум бузулган убак дагы болду" дейт белгилүү куудул, ырчы Гүлжайна Атаканова.
SUPER.KG бул ирет куудул айымдын жаңы алган үйүндө конокто болуп, жашоосундагы акыркы жаңылыктары менен таанышып кайтты.
"Кызым он беш жашка чыгып калды. Ал төрөлгөн учурда өзүм деле жаш болгом да. Азыр болсо сезимдерим такыр башка. Аны сөз менен жеткирип берүү мүмкүн эмес. Себеби бул он беш жыл бою күткөн бала. Баланын айынан үй-бүлөм бузулган учур дагы болду. Табигый жол менен болбой, ЭКО жолу менен боюма бүттү. Азыр Кудайга шүгүр. Кээ бирлери "мунун боюнда деле жок", "бул жөн эле сатып алганы жатат" деп айтышат. Мен аларга эч нерсе деп айтпайм. Эми билип, билбей сүйлөгөндөр сүйлөй бериши мүмкүн. Бирок мен өзүм көтөрүп, өзүм төрөйм деп жатам. Жада калса кесарево жолу менен төрөгөнгө дагы макул болбой жатам", - дейт Атаканова.