"Буга чейин эч бир сыйлык алган эмесмин". Самсак Станалиев Эл жазуучусу наамына татыды

Адабиятчы, публицист, акын, жазуучу Самсак Станалиев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу наамына татыды. Мамлекеттик сыйлыкты бүгүн, 2-апрелде президент Садыр Жапаров тапшырды.

Жазуучу менен байланышып, аны наамы менен куттуктадык. Ал буга чейин эч кандай сыйлык албаганын айта кетти.

"Мен сыйлыкты алганда эч толкунданбадым. Мага сыйлык эмес, чыгармачылык маанилүү. Баары эле эмнеге антип жатасың дей беришет. Анткени мен буга чейин бир да сыйлык, грамота алган эмесмин, дароо эле Эл жазуучусу наамын алдым. Бул жыл мен үчүн абдан жемиштүү болуп жатат. Касым Тыныстанов тууралуу жазган китебим апрель айында жарыкка чыгат. Касым Тыныстанов атамдай эле болуп калды. Китеп 570 беттен турат. Бул кишинин ким экенин азыркылар билбей калды. Андан сырткары "Залкарлар сүйгөн сулуулар" деген китебим кайрадан басылып жатат. Окурмандардын суроо-талабы менен Чыңгыз Айтматов тууралуу жазган "Акжарыктын айыкпай сыныгы" китебим 3000 экземпляр менен экинчи жолу чыкты. Мен ушуга абдан сүйүндүм", - деди ал.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде саламаттыкты сактоонун, эл агартуунун, илим-билимдин, айыл чарбасынын, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан