Бүгүн, 3-апрелде мектеп мугалимдери жана окуучулар менен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ишембиликке чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мектептеги ишембилик иш-чарасы – бир гана территорияны тазалоо мүмкүнчүлүгү эмес, иш-чара коллектив арасындагы ынтымакты, мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы байланышты бекемдейт", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүн көпчүлүк мамлекеттик органдардын кызматкерлери ишембиликке чыкты.