Бүгүн, 4-апрелде Ош шаарындагы тойканалардын биринде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова кош майрам белгилеп, той өткөрүүдө. Анда ырчы 30 жашын жана сахнага кадам таштаганына 10 жыл болгонун белгилеп, чоң той өткөрүүдө.
Мындан тышкары Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуровдун баш кошкондугуна быйыл 10 жыл болуптур. Бул туурасында Асан Мансуров жубайын куттуктап жатып айтты.
"Биздин үйлөнгөнүбүзгө быйыл 10 жыл болду. Самара буга чейин Кремлде, Ташкентте концерт койду. Мен Самаранын Европага таанылышын каалайм", - деди ал. Ошондой эле Асан мырза Самара Каримованын туулган күнү 1 аптага уланат дейт.
"Бүгүнкү кечеге келген айымдардын 70-80 пайызы мени сыйлап келишти (тамашалап). Келген коноктордун саны көп болуп, орун жетпей калды. Буюрса, Самаранын туулган күнү бир аптага уланат. Алыстан келгендерди, орун жетпей калгандарды үйдөн сыйлайбыз", - дейт.