Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова бүгүн, 4-апрелде Ош шаарында чоң концерт өткөрүүдө. Тагыраагы, ырчы 30 жашын, сахнага кадам таштаганына 10 жыл болгонун белгилеп жатат.
Салтанат Ош шаарындагы тойканалардын биринде өтүүдө. Тойдун ачылышында Самара Каримованын ата-энеси, кайын журту сөз сүйлөштү. Андан кийин ырчы "30 жаш" аталышындагы ыры менен жолдошу Асан Мансуров, уулдарынын, кызынын коштоосунда эл алдына чыкты.
"Мен кайын журттан, дос-жолдоштон, деги эле ар тараптан жолдуу болдум. Кудайга шүгүр, баарыңыздарга ыраазымын", - деди ырчы айым.
Ал эми апасынын туулган күнүнө арнап уулу Барсбек "Апа" деген ырды аткарды.