реклама
super.kg logo

Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал кооптуу экени айтылды

 

Бүгүн, 6-апрель Бишкек шаарынын мэриясында эпидемиологиялык кырдаал боюнча пресс-конференция өтүүдө. Анда Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагуль Рыскулбекова учурдагы абал тууралуу маалымат берди.

"Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абалды Бишкек шаарында кооптуу деп эсептейм. Бир сутканын ичинде Бишкек шаарында 77 учур катталды. Анын ичинен 52 учуру лабораториялык жол менен тастыкталган, 25и клиникоэпидемиологиялык пневмония деп айтсак болот. 77 учурдун ичинен 63чү бул Бишкек шаарынын тургундары, Ленин району боюнча 22, Биринчи Май району боюнча 7, Октябрь району 21, Свердлов району 13. Калган 18 пайызы бул региондон келгендер алар каттоого алынды. Ооруканага жаткырылгандардын саны 36, амбулатордук түрдө медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө туруп, консультация алгандар 41. Бул ооруну жугузбаш үчүн санитардык эрежелерди унутпай аткарсаңыздар, өзүңүздөрдү жана балдарыңыздарды сактасак", - деди Рыскулбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
165685;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: