АКШлык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск соңку бир сутканын ичинде 6 миллиард долларга байыды. Бул тууралуу Forbes Time рейтингине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, анын электромобиль чыгарган компаниясынын акцияларынын наркы өскөнүнө байланыштуу киреше булагы көбөйгөн.
"Муну менен Масктын байлыгы 169 миллиард 800 миллион долларды түздү. Ал Forbes рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң бай адамдардын ичинен экинчи орунга ээлик кылат. Учурда биринчи сапта Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос 188 миллиард 600 миллион доллар капиталы менен турат. Tesla Маскка көбүрөөк байлык чогулткан компания, себеби ал жакта анын 21 пайыздык акциясы бар. Дүйшөмбү күнү компаниянын акциялары кымбаттап, алдын ала сатууда 8 пайызга чейин өскөн", - деп жазылат маалыматта.