СУРАМЖЫЛОО: Коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү каалайсызбы?
Кыргыз өлкөсүнө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасы келген. Учурда эмдөө иштери Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө жана Ош облусунда жүрүүдө. Биринчилерден болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өттү. Алгач медицина кызматкерлери, билим берүү уюмдарынын жана укук коргоо, коопсуздук кызматкерлери өтөт.
Ал эми президент Садыр Жапаровдо коронавирус инфекциясына каршы антителолор буга чейин бул илдетке кабылгандыктан жетиштүү көлөмдө табылган. Ошол себептен дарыгерлердин кеңеши боюнча эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок экендиги маалымдалган. Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун азырынча эмдөө албай тургандыгын өкмөттөн кабарлашкан болчу.
"Эмдөө алуунун этаптары бар. Биринчи этаптан мугалимдер, медицина кызматкерлери өтөт. Аталган этаптардан жарандар эмдөө алып бүткөндөн кийин гана өкмөт башчынын эмдөө алуусуна жол ачылат", - деди маалымат катчы.
Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.
А сиз эмдөөдөн өтүүнү каалайсызбы? Сурамжылоодон өтүү үчүн бул жерди басыңыз.
кошулду




1 |