реклама
super.kg logo
Сиз эмдөөдөн өтүүнү каалайсызбы?

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Бишкекте Кыргыз өлкөсү менен Индия клиникасынын кызматташуусу талкууланды

 

Бүгүн, 6-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Индиянын "Medanta-the Medicity" ооруканасынын өкүлү, доктор Вани Акбердини кабыл алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, индиялык дарыгердин Бишкекке болгон иш сапары Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилигинин демилгеси менен президенттин "Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жана ден соолугун жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында болуп өттү.

"Индиянын ооруканаларында кымбат баалуу дарылануудан жана консультациядан өтүп жаткан кыргыз бейтаптарынын санынын көптүгүн. Ошондой эле чет өлкөлүк клиникаларда дарыланууга кыргыз жарандарынын мүмкүнчүлүгүнүн жоктугун эске алып, Индиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин өтүнүчү боюнча Индия клиникасынын Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн, айрыкча Кыргыз жарандарына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн биринин негизинде Индиядан келген квалификациялуу дарыгерлерди тартуу менен Индия тарап индиялык клиниканын кызматташуу вариантын сунуш кылды.

Бул кызматташуу ошондой эле медициналык кызматтарга баанын төмөндөшүн оптималдаштырууну караштырат жана Индиядан келген дарыгерлердин бейтаптарга консультация берүүсүндө телемедицинаны колдонууну, индиялык ооруканаларда кыргыз дарыгерлеринин квалификациясын жогорулатууну, ошондой эле органдарды трансплантациялоо, кардиология жааттарында тажрыйба алмашууну камтыйт.

Министр Бейшеналиев Индияда дарыланып жаткан кыргыз бейтаптарына өз убагында жардам көрсөтүү керектигин белгилеп, министрлик Индия тараптын сунушун иликтей тургандыгын билдирип, тиешелүү структураларга долбоорду эртерээк ишке ашыруу боюнча маселелерди иштеп чыгууну тапшырды", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
165388;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: