реклама
super.kg logo
Сиз эмдөөдөн өтүүнү каалайсызбы?

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Өмүрбек Суванилев чек арадагы Сай айылынын тургундары менен жолугушту

 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Баткен районунун Сай айылынын эли менен жолугушту. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыл тургундарына алгач өкмөттүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөсү Алишер Эргешов чек араны тактоо иштеринин жүрүшү жана акыркы каралып жаткан чечимдер тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Жергиликтүүлөр чек араны тактоо жумуштары боюнча бир катар сунуш-пикирлерин айтып, демаркация иштеринин жүрүшүндө, көңүл буруу зарылдыгын белгилешти. Сай айылынын эли чек ара маселесин чечүүдө жергиликтүү элдин пикирин эске алуу, аймактын чек арасын жакшы билген жарандардан чек араны тактоо боюнча, өкмөттүк комиссиягы кошуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиевден колдоо көрсөтүүсүн суранышты.

"Өмүрбек Суваналиев эл менен болгон жолугушууда Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатканын, алдыда чек аралаш аймактагы элдин жашоо шартын жакшыртуу, аймактын инфраструктурасын чыңдоо жаатында пландуу жумуштар ишке ашырыларын белгиледи. Ошону менен катар кошуна мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташуу жаатында алгылыктуу иш-аракеттер ишке ашып жатканын, кошуналар менен ынтымакта жашап, тыгыз карым-катнашты улантуу учур талабы экендигин кошумчалады.

Жыйынтыгында, ыйгарым укуктуу өкүл айылдын электр энергиясынын кубаттуулугунун сапатын жогорулатуу, эскилиги жеткен электр мамыларын алмаштыруу, сел коргоо тосмолорун курууну ишке ашыруу, Сай айылын Кадамжай району менен байланыштырган ички 4 чакырым жолду баланска алуу, оңдоо, айылдын кире беришиндеги чек ара көзөмөл-өткөрүү жайларындагы текшерүүлөрдү жеңилдетүү боюнча жолугушууга катышкан жетекчилерге тапшырмаларын берди.

Ошондой эле айылга салынып жаткан 2014-жылы башталган типтүү мектептин курулушунун каржы маселеси чечилгени, мектеп жаңы окуу жылына пайдаланууга берилери айтылды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
165388;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: