Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева Апрель революциясынын баатырларын эскеришти


























Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде Апрель элдик революциясында курман болгон баатырларды эскерди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты.
Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Ошондой эле алардын урматына куран окулду.
Андан кийин Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.

Апрель революциясы болбогондо ушунча жаш балдардын каны тогулбогондо, эл Бакиевтердин азабын тартып жашашмак. Озгочо Жаныш, Максим Бакиевтер олкобузду сазга олтургузмак. Тайманбаган жаш балдарга туболук данк.