Парламент комитетинде бааларды турукташтыруу, кыргыз-кытай чек арасындагы абал тууралуу маалымат угулду
Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде биринчи кезекте керектелүүчү тамак-аш азыктарына жана күйүүчү-майлоочу майларга бааларды турукташтыруу боюнча, Кыргыз-Кытай чек арасындагы жүк ташууларга байланыштуу кырдаал тууралуу өкмөттүн маалыматы угулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Пархад Тулендыбаев өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында маселе көтөрдү. Ал өткөн жылдын беш айынын аралыгында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан тамак-аш өнүмдөрүнүн баасын ашкере жогорулаткан 342 учур катталганын айтып, азыркы учурда кандай абал түзүлгөнүн сурады. Агенттиктин өкүлү бул жылы деле ошондой эле чаралар көрүлүп жатканын билдирди.
Депутат Дастан Бекешев 2021-жылдын үч айында инфляция кыйла өсүп кеткенин эске салып, эмгек акынын, пенсия менен жөлөк пулдун көбөйөр-көбөйбөсүнө кызыкты. "Гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү жаатында да көптөгөн чалкештиктер бар. Менин оюмча, гумжардамдар ачык-айкын жана калыс бөлүнүшү керек", - деп кошумчалады ал.
Депутат Айнура Осмонова өлкө боюнча 3 млн 200 миӊ адам калктын аялуу катмарына кире турганын белгиледи. "Калктын аялуу катмарына жардам берүүнүн кадамдык планы иштелип чыгып, жаӊы жумушчу орундарды түзүү үчүн жергиликтүү ишкерлерге көмөк көрсөтүлүүгө тийиш", - деди ал.


1 |