реклама
super.kg logo

Мен көргөн бир күн: "Фамилиям Бакиев болгону үчүн сыйлык албай калып, Курманбеков деп өзгөрттүм"

 

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.

Бул жолу кызыктуу баянды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборунун жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн ага инспектору Мирлан Курманбеков айтып берет. Ал 1986-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында туулган. Учурда ага лейтенант. Кызматын 2013-жылы күзөт бөлүмүнөн баштаган.
2013-жылы 12-октябрга караган түнү Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген. Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Каарманыбыз ошол абактан качкандарды колго түшүргөндөрдүн бири.
Ал ошол окуяны төмөнкүчө эскерет.
"2016-жылы кызматыбызды өтөп, түнкү нөөмөттө иштеп жатканбыз. Болжол менен саат түнкү 00:00 чамасында "кол салуу" менен кармалгандар түрмөдөн качты деп кабар беришти. Чүйдүн Ленин деген айылында кызматта болгондуктан, биз бардык унааларды бирден карап өткөрүп жаттык. Тойота үлгүсүндөгү унаа деп ориентировка келген. Көп узабай эле бир унаа катуу ылдамдыкта Кордай тарапка өтүп кетти. Шек жаратканын байкап, артынан куудук. Артынан барып, сигнал берсек токточудай эмес. Алар ылдамдыкты болушунча басып айдап бара жатышты.
Биз улам унаанын алдына чыгабыз, буйтайт, кайра алдына чыгабыз, кайра буйтайт. Ошентип отуруп туюк көчөгө кептелдик. Унаадан экөө түштү. Ага чейинки алган маалымат менен булар түрмөдөн качкан адамдар болуп чыгышты. Бирөөсүнүн колунда балта бар экен. Унааны Алтынбек Итибаев башкарып бара жатыптыр. Алар кесиптешим экөөбүзгө кол салууга аракет кылгандыктан эскертүү максатында асманга ок чыгардым. Бирок алар аны тоготуп дагы койгон жок. Кайра жерге атып көрдүм, корккон да жок. Аларды атып салсаң деле баары бир болчу. Өзүмдөн кара тер чыгып кетти. Ошону менен экөө качты, унаадагы калган бешөөнү кармап калдым. Биз качып кеткендерди унаага салып токтото албайт элек. Алар баарына даяр болчу.
Башында бизге кол салуу боюнча кармалгандар качты деп маалымат берилген. Эгер ошондо эле оор кылмыш жасагандар качты деген туура, так маалымат келсе, аларды атып салууга мыйзам жол бермек. Болбосо жеңил берене менен соттолгондорду атып салууга болбойт, биз кайра өзүбүз жооп берип калышыбыз мүмкүн эле.
Ошентип экөө качып кетти, бешөөнү кармап калдык. Ал эми берки Эдил Абдрахманов менен дагы бир жаран унаада болгон эмес. Алар унаага батпай калышканбы же башка жакка кетишкенби белгисиз.
Каарманымдын мурдагы фамилиясы Бакиев Мирлан Курманбекович болгону үчүн убагында ушул кылган иши үчүн сыйлык берилбей калганын айтат.

"Мага бардык жетекчилерим фамилияң үчүн сыйлык берилбейт деп айтышкан. Мен эч нерсе кыла албай калдым. Ал эми кесиптешим болсо президенттен Ардак грамота алды. Бирок менин Курманбек Бакиевге эч кандай жакындыгым да, тууганчылыгым да жок. Болбосо ошол адамдарды эки кызматкер кармаганбыз. Бирок мен сыйлык албай калдым. Андан кийин фамилиямды дагы өзгөрттүм. Анткени көп жерде кесепети тийип калып жатты. Бирок 6 жылга чейин сыйлык бериле берет деп турат. Балким, азыркы бийлик көрүп, берип калар (күлүп)", - деди Курманбеков.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
08.04.2021. 08:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
343
Катталган:
23-12-2010
Соӊку аракети:
14-04-2021 18:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
+7
бериш керек
08.04.2021. 09:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
14-04-2021 21:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+2
бечара, эми Жээнбековдор дагы озгортобу? фамилия окшош болсо деле сураштырып, эмнеги синген болсо бериш керек да
08.04.2021. 09:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
15-04-2021 02:20
Жынысы:
Белгисиз
+5
aliya-leyla,Жээнбековтор Жапаров болуп өзгөртүп алышат)
08.04.2021. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
08-03-2015
Соӊку аракети:
14-04-2021 21:49
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайсы как баш бербей койгонун айта кетпепсин да, ошончолук да кок мээлер иштейби сыйлык берчу жерде..
08.04.2021. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
763
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
15-04-2021 02:47
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул адилетсиздик,омурун тобокелге салып куралдуу кылмышкерлер менен салгылашып жатса эмгегин баалабагандары туура эмес,даже Бакиевдин тууганы болгон кундо да берилиш керек болчу,анткени кызматын эрдик менен отоп жатат го!
08.04.2021. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
474
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
09-04-2021 09:29
Жынысы:
Белгисиз
-2
Окшошпосон окшошпой кал э тообо кылдым фамилияны, атасынын атын кара ээ?
08.04.2021. 11:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
26-03-2018
Соӊку аракети:
14-04-2021 00:58
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мирлан,сен ага капа болбо,менин да фамилиям Курманбеков
08.04.2021. 14:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
558
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
15-04-2021 01:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок окшош экен түспөлү.ошол кишиге
10.04.2021. 04:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
213
Катталган:
11-05-2016
Соӊку аракети:
14-04-2021 05:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевтин балекетин алгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
165685;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: