Дзюдо күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Владимир Золоев Бишкекте өтүп жаткан Азия жана Океания чемпиондугунда алтын байге жеңди.
Маалыматка ылайык, 81 килограммга чейинки салмак чениндеги финалда Золоев кореялык Мун Жин Лини утту.
Ал жарым финалда монголиялык дзюдо боюнча Дүйнө чемпиону Саид Моллаини уткан. Ага чейин алгач кувейттик балбанды, андан соң кореялык Ли Сон Хону жеңген.
Белгилей кетсек, Владимир Золоев 2017-жылы өткөн Азия чемпиондугунда коло байгенин ээси болгон.