Казакстанда дайынсыз болуп жаткан кыз-жигит Кыргыз өлкөсүндөгү темир-тезектерди чогултуучу жайдан табылды

Казакстандын Тараз шаарында дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы бала менен 16 жаштагы кыз Кыргыз өлкөсүнөн табылды. Алар кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөнүн казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, 23-мартта 45 жаштагы Тараз шаарынын тургуну уулунун дайынсыз болуп жатканы боюнча арыз менен милицияга кайрылган. 22-марттан 23-мартка караган түнү өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Атасы баласы үйдөн чыгардан мурда телефонуна билдирүү келгенин айткан.

Апасынын айтымында, жигиттин жанында уюлдук телефону жана бир аз акчасы болгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өспүрүмдүн качып кеткенине үй-бүлөлүк чыр-чатак себеп болгону аныкталган. Тагыраагы, ата-энеси ага сүйлөшкөн кызы менен байланышууга тыюу салган. Мындан улам сүйлөшүп жүргөн өспүрүмдөр чогуу качып кетүүнү чечишкен. Жашы жете элек балдарды издөөгө Жамбыл облусунун шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн милиция кызматкерлери жана ыктыярчылар тартылган.

Эки аптадан кийин Кыргыз укук коргоо кызматкерлери аларды темир-тезектерди чогултуучу жайдан табышкан. Эки өспүрүм ушундай жол менен акча таап жүрүшкөн. Алар дайындарын билдирбеш үчүн чачтарын кара түскө боёп алышканы да белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mubarak
2021-04-09 14:52:05
Не азап мн бала чонойтсон анан ушундай жооптон кудай сактасын балдар Али жаш екенда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан