Бүгүн, 11-апрель күнү өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өтүүдө.
Бишкек шаарындагы №1116 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө келгендердин саны аз. Саясий партиялардын байкоочулары аралыкты сактабай отурганын байкоого болот. Ал эми тартип сакчылары добуш берүүгө келгендердин дене табын текшерип, бет кап кийүүсүн көзөмөлгө алып жатат.
№1116 шайлоо тилкеси Ахунбаев көчөсүндөгү №60 мектепте жайгашкан.