Бишкекте бардык шайлоо тилкелери өз убагында ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде маалымат жыйында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
"Борбор шаарда 228 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат. Кечээ, 10-апрелде добуш берүү жайдан тышкары 4 миң 1 адам добуш берди.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына чет мамлекеттик шайлоо тилкелери дагы тиркелген. Чет өлкөдө саат 10:00гө карата 26 шайлоо тилкеси иш алып барууда", - деди ал.