Сары-Булак айылындагы шайлоо тилкесинде түшкө чейин 200дөн ашуун адам добуш берди

Бүгүн, 11-апрель күнү өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өтүүдө.

Ага ылайык, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылындагы №5006 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат.

Бул шайлоо тилкесинде элдин аралыкты сактоосу, бет кап тагынуусу көзөмөлдөнүп, колдоруна антисептикалык каражаттар себилип, жарандардын дене табы милдеттүү түрдө өлчөнүп жатат.

Бул тууралуу жергиликтүү тургун Уялкан Абдыкеримова кабарлады.

"Биздин шайлоо тилкесинде 1017 шайлоочу бар. Түшкө чейинки саат 13:00гө карата шайлоо тилкесине 200дөн ашуун адам келип, өз добуштарын берип кетишти. Биздин тилкеге шайлоочу жарандар түштөн кийин активдүү келе баштайт", - деди Абдыкеримова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан