Алматы: Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев алтын медалдын ээси болду

Бүгүн, 11-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына тандап алуу турниринин үчүнчү күндүк беттештеринин финалында Эрназар Акматалиев алтын байгеге ээ болду.

Кыргыз өлкөсүнүн атынан 57 килограмм салмак ченинде катышкан Эрназар Акматалиев алтын байге үчүн беттеште ирандык аттандашы Амирмохаммед Язданачератини 15:13 эсебинде утуп алды.

Эрназар Акматалиев жарым финалда өзбекстандык дагы бир күчтүү делинген Ильяс Бекбулатов менен кез келген. Эки балбан тең мыкты беттеш тартуулап жыйынтыгында кыргыз балбаны ири эсепте жеңилип жатып, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жеткен.

Муну менен Эрназар Акматалиев турнирдин финалына чыгып, Кыргыз курамасына он экинчи жолдомону алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2021-04-11 21:11:57
Абдан жакшы. Куттуктайбыз. Олимпийский чемпион болгула эми кудай буйурса.
+1
zam81
2021-04-11 21:19:24
Азаматар кутуктайм жилегибизди желбиретип кыргыз элин таанытып журо бергиле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан